ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-январы №186/31-5
Токмок шаарынын көчөлөрүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-январындагы №1-22/262 катын, Токмок шаарынын «Сары Өзөн» эмгек ардагерлер кеңешинин кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын төмөнкү көчөлөрүнүн аттары өзгөртүлсүн:
-С.Киров көчөсү Кыргыз көчөсүнө;
-Киргизский көчөсү М.Афанасьев көчөсүнө;
-Слободской көчөсү Манап бий көчөсүнө;
2. Көчөнүн атын өзгөртүүгө байланышкан бардык чыгымдар Токмок шаарынын мэриясына (Нусувалиев М.О.) жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Чүй-Токмок филиалы (Байгазаков Н.Ч.) жана Токмок шаардык шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы (Шамшидинов К.М.) инвентаризациялоо жана эсепке алуу маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |