Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 19
Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы № 10 токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелеринин, Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 28-мартындагы “Ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” № 1-44-635-25 сунуштамасынын, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын 2025-жылдын 8-апрелиндеги кезексиз отурумунун VI сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын 2025-жылдын 8-апрелиндеги кезексиз VI-сессиясынын протоколуна жана Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 28-мартындагы “Ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” № 1-44-635-25 сунуштамасына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун, негизинде Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы “Савай айыл аймагындагы жеке турак жайлардын аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №10 токтому жокко чыгарылсын.
2. Савай айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык калктуу конуштагы жеке турак үйдүн курулушу үчүн жер участоктогуна укук белгилөөчү жок жер участоктору боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |