Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 14-апрели № 2
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен элге жеңилдиктер социалдык жактан колдоо бөлүмүнөн материалдык акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 10 главанын 51- беренесине “Кыргыз Республикасынын майып адамдардын укуктары жана кепилдикери жөнүндө” мыйзамына ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Курбан-Кара айылындагы “Тажибай Ата” мектепке чейинки билим берүү уюмуна, ушул айылдын тургуну 1-топтогу (сокур) майыптыгы бар жаран Солпуев Алтынбектин бала бакчага баруучу 3 баласы үчүн, айыл ɵкмɵттүн бюджетинен 1 жылга 42500 (кырк эки миӊ беш жүз) сом акча каражаты, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин элге жеңилдиктер жана социалдык жактан колдоо бөлүмүнөн ай сайын төлөнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |