Редакцияот 16.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 16-декабры № III

 

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу

айылындагы А.Маматов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын

бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 15-декабрь 2024-жылдагы чыгыш № 01-19/519 сандуу катын карап, Кызыл-Туу айылындагы А.Маматов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорун угуп жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы А.Маматов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өздүк салым катары Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин эсебинен 980608 (тогуз жүз сексен миң алты жүз сегиз) сом акча аражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы

 

М.Мырзабеков