САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги I сессиясы
05.02.2025-ж. №1
Жергиликтүү салыктын түрлөрүнүн коэффициентин бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу максатында Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
токтом кылат:
- 2025-жылга Садыр Аке айыл аймагында төмүндөкүдөй жергиликтүү салыктын өлчөмдөрү киргизилсин:
- Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- Короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер
- Зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына жана короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналдык коэффициенти -1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
- Короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 1 сотых жерге -10 сом;
- Салыктык эмес төлөмдөр:
- Короо жайга ар бир кожолукка - 20 сом;
- Магазин, банк, кафе, майда соода түйүндөрүнө ж.б. 1 квадрат метрине - 10 сом;
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук
актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жергиликтүү
кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.А. Мамытов
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Салык бөлүмүнө-1, Обл.юст.-2.