Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

кезектеги I сессиясы

 

05.02.2025-ж №14

Ижарага берүү жөнүндө

 

Ысык-Көл районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 26-августундагы №170-22 корутундусунун, 2022-жылдын 06-сентябрындагы №176-22 корутундусунун, 2022-жылдын 18-сентябрындагы №177-22 корутундусунун жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстар6ын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-январындагы №1-протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

  1. Садыр Аке айыл аймагына караштуу Корумду айылынын К.Орозов көчөсүнөн Садыр

Аке айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган жер тилкелери Сагымбаев Советбек Мукашевичке аянты 24м.кв жер тилкеси, Сартова Жаркын Ракишовнага аянты 32.м.кв жер тилкеси, Сыдыков Нурдин Замирбековичке 32м.кв жер тилкеси 1 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилсин.

 

  1. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана  мамлекеттик

укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы

Н. Молдакматовго тапшырылсын.

 

      4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш

жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                А. Мамытов   

Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Айыл өкмүт-1,  Обл.юст.-2.