САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз 2-сессиясы
13.05.2025-ж №26
Жергиликтүү салык өлчөмүн бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу максатында Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- 2025-жылга Садыр Аке айыл аймагында төмөнкүдөй салык өлчөмү
каралсын:
1) Кыймылсыз мүлк салыгына:
- Турак үйлөрдүн жана жайлардын салыгы 270м2 ашкан учурда 13(он үч)
сом өлчөмүндө бекилсин.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткар ылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин
жергиликтүү кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.А. Мамытов
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Салык бөлүмүнө-1, Обл.юст.-2.