САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз 2-сессиясы
ТОКТОМ
13.02.2025-ж №31
Ичүүчү таза суу тартуу жөнүндө
Садыр Аке айыл өкмөтүнүн алдындагы “Келечек” муниципалдык
ишканасынын директору Н.Молдоевдин сунушун жалпы сессияда депутаттар карап, талкуулап чыгып Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Садыр Аке айыл аймагынын Семеновка (Кожояр Ата), Кожояр айылдарын
ичүүчү таза суу менен толук кандуу камсыз кылуу максатында Сүттүү-Булак жайытынан суу тартылсын.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы
Н.Молдакматовго жана Келечек” муниципалдык ишканасынын директору Н.Молдоевге милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жаты "“Жер, агрардык реформа, өнөр жай
курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамытов
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Айыл өкмөткө-1, «Келечек» МИна-1, Обл.юст.-2.