Редакцияот 18.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 I чакырылышынын кезексиз III сессиясы

18.03.2025-ж №44

 

Чоң-Ак-Суу суу өзөнүнүн сугат суу системасын көзөмөлдөөчү пункт ачуу

жөнүндө

 

 Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты                            М.Саскараевдин сунушунун жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстар6ын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 04-мартындагы №2-протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Садыр Аке айыл аймагындагы Григорьевка айылынын Чоң-Ак-Суу суу

өзөнүнүн сугат суу системасын көзөмөлдөөчү пунктун Григорьевка айылына ачуу боюнча Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгынан суралсын.

  1. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана

мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

  1. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы

Н.Молдакматовго милдеттендирилсин.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жаты “Жер, агрардык реформа, өнөр жай

курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча”  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                      А.А. Мамытов    

Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Айыл өкмөткө-1,  Обл.юст.-2.