САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз III сессиясы
18.03.2025-ж №45
Күнүмдүк жөнгө салуу бассейин (БСР) курууга жер тилкесине
укуктук акт түзүү жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын Корумду айылынын айыл башчысы А.Айдарбек уулунун кайрылуусунун, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстар6ын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 04-мартындагы №2-протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Садыр Аке айыл аймагындагы Корумду айылына Ысык-Көл райондук
суу чарба башкармалыгы күнүмдүк жөнгө салуу бассейин (БСР) куруу пландалып жаткандыгына байланыштуу Корумду айылынын түндүк тарабындагы №308-контурунда жайгашкан аянты 6га болгон жер тилкеси берилсин.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы
Н.Молдакматовго милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жаты “Жер, агрардык реформа, өнөр жай
курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамытов
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Айыл өкмөткө-1, Обл.юст.-2,