Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

 

2025-жылдын 21-январы № 3/2

 Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык  Аксакалдар сотторунун Типтүү  Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык,Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/342 буйругу менен бекитилген, Аксакалдар сотторунун типтүү регламентин  талкуулап токтом кылат:

1.     Кум-Дөбө айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун жаңы редакциясындагы Регламенти  өзгөртүү толуктоо менен бекитилсин.

2.     Кум-Дөбө айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун талаптарынын сакталышына контролдук кылуу Аксакалдар сотторунун төрагаларына милдеттендирилсин.

3.     Токтомду Юстиция министрлигине катоо Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин  жооптуу катчысы Д.Сыдыковго милдеттендирилсин.

 Төрага

К.  Ыбышов