Редакцияот 04.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз  IV сессиясы

 

2025-жылдын  4-февралындагы № 4/1

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2026-2027- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

       Депутаттардын VII - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл    аймагынын

айылдык кеңешинин депутаттары,  Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

                                  

1.     Кум-Дөбө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер тармагынын  аткарылышы49 244,9 мин сомго, чыгашалар тармагы  41 720,1 мин  сом өлчөмүндө аткарылганы  бекитилсин.

2.     2025-жылга Кум-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 37620,2 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 21 596,7 мин сом, теңдештирүү грант 16023,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2025-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

Подох. салыгы-                                   14 616,0 миң сом

Патент салыгы-                                     348,5 миң сом

Кыймылсыз мүлккө салык-                     62,4 миң сом

            Огород салык-                                       700,8 миң сом

Айыл чарба эмес багыттагы салык-     250,0 миң сом

Роялти-                                                   851,5 миң сом

Лицензия-                                              200,0 мин сом

Жайыт акысы-                                       800,0 миң сом

ФПС аренда акысы-                              650,0 мин сом

Тазалык жыйым  -                                 17,5 мин сом

Атайын каражат-                                 2820,0 миң сом

Отчисление на развитие                       280,0 мин сом 

  Баары   -                                          21 596,7 миң сом

- теңдештирүүчү грант-                   16  023,5 мин сом.

              Жалпысы-                                       37 620,2 мин сом.

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга чыгымдар бөлүгү:

 

- башкаруу аппаратына-                             24 223,2 мин сом.

- агартуу тармагына-                                   7 512,7 мин сом

- маданият тармагына-                                 5 084,3 мин сом.

-жайыт-                                                            800,0 мин сом.

   Баары- 37 620,2 мин сом өлчөмүндо бекитилсин.  

 

3.     Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2026-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 41 382,2 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 41 382,2 миң сом суммасында, ошондой эле 2027-жылга киреше бөлүгү 45 144,2 миң сом жана чыгымдар бөлүгү  45 144,2 иң сом суммасында бекитилсин.

4.     2025-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспектор А.Касмалиеваларга, Кум-Добо МИ  жетекчиси Б.Мондурбаевге тапшырылсын.

5.     Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго жана финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.

6.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.

 Төрага

К.  Ыбышов