Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-февралы № 1/4-18

Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь” Муниципалдык Ишканасынын  тарифин бекитүү жөнүндө

   

Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь” Муниципалдык Ишканасынын  тарифин бекитүү,  2025-жылга иш планын  угуп жана  талкулап Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

1. 2025-жылга муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи айылдык аймактын экономикалык негиздемесине ылайык келген өлчөмдө тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кызыл-Октябрь  айыл кеңешинин тарифи сайтка жайгаштыруу жана элге жеткирүү  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Н.Ж. милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Н.Ж. жана Муниципалдык ишкананын директору  Талайбек уулу Бактыбекке  милдеттерилсин.

Төрага

 

А.Карамырзаев