Редакцияот 18.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 I чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

ТОКТОМ

18.03.2025-ж №47

 

Күнүмдүк жөнгө салуу бассейин (БСР) кеңейтүүгө макулдук берүү

жөнүндө

 

 Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Молдакматовдун сунушунун, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстар6ын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 04-мартындагы №2-протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Садыр Аке айыл аймагындагы Корумду айылындагы күнүмдүк жөнгө

салуу бассейини (БСР) кеңейтилсин.

  1.  Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана

мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

  1. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы

Н.Молдакматовго милдеттендирилсин.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жаты “Жер, агрардык реформа, өнөр жай

курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча”  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                      А.А. Мамытов    

Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Айыл өкмөткө-1,  Обл.юст.-2,