Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

 ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 28-ноябры № I/1-4

Кызыл-Октябрь айыл   аймагында  жайгашкан   айылдарда    үй-бүлөлүк салтанаттарды жана  өлгөндү  эске алуу  менен  ырым-жырымдарын  өткөрүүнүн тартиби  жөнүндө”  жобого өзгөртүү киргизүү

 

     Кызыл-Октябрь   айыл     аймагында      жайгашкан        айылдарда        үй-бүлөлүк  салтанаттарды      жана     өлгөндү    эске     алуу   менен     ырым-жырымдарын  өткөрүүнүн  тартиби    жөнүндө  жобого өзгөртүү киргизүү  жөнүндө талкуулап,  айылдык кеңеш  төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын  24-февралындагы  “Кыргыз    Республикасынын    үй-бүлөлүк    салтанаттарды    жана  маркумду  эскерүү    үрп-адаттарды    тартипке  келтирүү    боюнча    чараларды   өткөрүү  жөнүндө”    № 54 Жарлыгынын      негизинде     Кызыл-Октябрь   айыл     аймагында      жайгашкан    айылдарда   үй-бүлөлүк    салтанаттарды      жана   өлгөндү    эске     алуу    менен      ырым-жырымдарын   өткөрүүнүн   тартиби     жөнүндө  2022-жылдын 28-апрелиндеги №40  Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин токтому менен бекилген  жобого    төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 4-бөлүктө: Өлгөндү  эске алуу  ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби:

- биринчи пункта "5000 сомдон 30000 сомго чейин мал  союга уруксаат берилет" деген сөз "бир бодо мал жана бир кой союга уруксаат берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2.Калк      арасында     түшүндүрүү       иштери       жүргүзүлүп,    Жобо    менен  тааныштырылсын.

3.Токтомдун     аткарылышы      айыл   өкмөтүнүн     башчысы       Н.Сулаймановго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

 Карамырзаев А.Т.