Редакцияот 04.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз  IV сессиясы

 

2025-жылдын  4-февралындагы № 4/3 

                     Кум-Дөбө айылынын  “Талды –Булак 1” участогунан  күндөн энергия алуучу станцияларды жайгаштыруу үчүн  626 га жер аянтын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык, депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Исраиловдун,  Кум-Дөбө айылынын түндүк тарабындагы Кум-Дөбө айылынын  “Талды –Булак 1” участогунан  күндөн энергия алуучу станцияларды жайгаштыруу үчүн  626 га жер аянтын жайыт категориясынан, өнөр жай категориясына которуу боюнча сунушун угуп жана жалпы элдик жыйындын 07.02.2025-жыл. №7- протоколун талкуулап,  Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Кум-Дөбө айылынын  “Талды –Булак 1” участогунан  күндөн энергия алуучу станцияларды жайгаштыруу үчүн  626 га жер аянтын жайыт категориясынан, өнөр жай категориясына которуу боюнча макулдук берилсин.
  1. Кум-Дөбө айылынын  “Талды –Булак 1” участогунан  күндөн энергия алуучу станцияларды жайгаштыруу үчүн  626 га жер аянтынын категориясын өзгөртүү боюнча Кочкор райондук жер комиссиясына сунушталсын.
  1. Аталган жер аянтынын категориясын өзгөртүү боюнча иш чараларды аткаруу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.

 Төрага

К.  Ыбышов