ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 20 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 6
“Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө жобосун жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Уметалиевдин “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө ЖОБОну жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүңдө жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча уюштуруучулук иштерин жана “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
- Тюлемишова Т.И. – Гавриловка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
- Самарбекова Ж.У. – Гавриловка айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси;
- Конокалиев А.А. – Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис-юристи;
- Чекирова М.Т. – Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;
- Эгембердиева Д.С. – Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;
- Ибраимов К.Дж. – Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;
- Конурбаева С.А. - Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т. Ибраимов |
Гавриловка айылдык кеңешинин
2024-жылдын 15-февралындагы №6
токтому менен бекитилген
Тиркеме №1
Гавриловка айылдык аймагынын “Ардактуу атуул”
наамын ыйгаруу жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Атуулдардын Гавриловка айылдык аймагынын жана Кыргыз Республикасынын гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууда сиңирген өзгөчө эмгегин таануу жана анын ишмердигин баалап сыйлоо максатында “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” деген наам уюштурулат.
2. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” деген наамы Кыргыз Республикасынын жана чет элдин атуулдарына Гавриловка айылдык кеңеши тарабынан жекече ыйгарылат жана кайтарылып алынбайт.
3. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамы соттолгондугу алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган атуулдарга ыйгарылбайт.
4. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамына татыктуу болгон адамга “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” деген грамота, “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” деген төш белги жана күбөлүк тапшырылат. Алардын Жобосу жана түшүндүрмөсү Гавриловка айылдык кеңешинин токтому менен бекитилет.
5. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамынын грамотасы, күбөлүгүн жана төш белгисин жасоо Гавриловка айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
I. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун негизи жана тартиби
1. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга негиз болуп:
- Көп жылдык пайдалуу кайрымдуулук жана колдоочулук (меценаттык) ишмердиги үчүн;
- Гавриловка айылдык аймагынын жашоочуларынын жыргал турмушу, келечеги үчүн жасаган эрдиги үчүн;
- Мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданият, чарба, коомдук жана башка тармактардагы ишмердиги менен Кыргыз Республикасынын жана Гавриловка айылдык аймагынын өнүгүшүнө көрүнүктүү эмгек сиңирилгендиги Гавриловка айылдык аймагынын тургундары тарабынан кеңири колдоого алынып, таанылганда;
- Айыл аймактын инфраструктуралык тутумдарында, менчигинин түрүнө карабастан 15 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгеги менен шаардын жашоочуларына таанылгандар, төрт жылдан кем эмес айыл өкмөттүн башчысы болуп иштегендер, бир жолку чакырылыштан кем эмес иштеген айылдык кеңештин төрагалары, экиден кем эмес чакырылышта айылдык кеңешке шайланган депутаттар.
2. Чет өлкөлүк атуулдарга “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ушул бөлүмдүн I-пунктунда каралбаган негиздерде деле аткарылган иштин коомдук саясий чоң мааниге ээ экендиги эске алынып ыйгарылышы мүмкүн.
3. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” деген наамды ыйгарууга сунушту Гавриловка айылдык кеңешинин депутаттары, Гавриловка айыл өкмөтү киргизе алат. Ошондой эле ар кандай уюмдар, коомдук бирикмелер жана жеке атуулдар да сунуш менен кайрыла алат.
4. Гавриловка айылдык кеңеши, Гавриловка айыл өкмөтү “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” деген наамды ыйгаруу боюнча сунушту Гавриловка айылдык кеңешинин токтомунун долбоору катары киргизе алат.
5. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш Гавриловка айылдык кеңешине жекече түрдө киргизилет жана ар бир талапкер Гавриловка айылдык кеңешинин сессиясында өз алдынча каралат.
6. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн сунуш каралбайт.
7. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын каза болгондон кийин ыйгаруу жөнүндөгү сунуш каралбайт.
8. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча маселе Гавриловка айылдык кеңешинин сессиясында “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамына сунуш кылынган талапкер жөнүндөгү маалымат Гавриловка айылдык аймагынын массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин эки айдан кем эмес убакыт өткөндө каралат.
9. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү чечим Гавриловка айылдык кеңешинин сессиясында депутаттардын көпчүлүк жашыруун жабык добуш берүүсүнүн негизинде кабыл алынат жана Гавриловка айылдык кеңешинин токтому менен бекитилет.
10. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамы бир жылда бир жолу, көпчүлүк добушка ээ болгон талапкерлерге ыйгарылат.
11. “Гавриловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселени кароо жана чечим кабыл алуу наамга сунуш кылган тараптардын катышуусусуз деле ишке аша берет.