Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 20 (кезектүү) сессиясы 

 

 

2024-жылдын 15-февралы № 7/1

 

2024-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноого айлык акыны бекитүү жөнүндө

 

Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Абадбековдун  “2024-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин малдын жана үй канаттууларынын бир жолку эсебин жүргүзүүгө” айлык акыларын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мал жана үй канаттууларын эсепке алуу үчүн тартылган кызматкерлерге эмгек акы ар бир короо-сарайына, автоунаа каражаттарына, күйүүчү майга пайдаланууга жана иш жүзүндөгү чыгымдарды төлөп берүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен  80 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.

Төрага А.Т.Ибраимов