Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы

 

2025-жылдын  28-марты № 5/4                     

Кум-Дөбө айыл аймагындагы жаңы конуштагы көчөгө ат коюу боюнча элдик жыйындын протоколдорун бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын              айылдык кеңешинин депутаттары "Кыргыз Республикасынын  географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын  7-беренесинин жана  КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4 абзацыны негизинде Кум-Дөбө айылынын жалпы элдик чогулуштарынын протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши   токтом кылат:                                                    

 

1.     Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы “Курулуш гараж”учатогундагы жайгашкан 2-көчө “Искендер ата”атындагы көчө деп аталсын.

2.     Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, каттоодон өткөрүү жагы жер адиси Н.Осмоного милдеттендирилсин.

   Төрага

К.  Ыбышов