Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 19
Кара-Балта шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын, ошондой эле суу алгычтарды жана тазалоочу курулмаларды реабилитациялоо долбооруна кредит алуу боюнча ишти баштоого жана келишимдик милдеттенмелерге кол коюуга макулдук берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 13-мартындагы № 01-15-16 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кара-Балта шаарындагы суу менен камсыздоону жана канализацияны, ошондой эле суу алгычтарды жана тазалоочу курулмаларды реабилитациялоо долбооруна кредит алуу боюнча ишти баштоого жана келишимдик милдеттенмелерге кол коюуга макулдук берилсин.
2. Кар-Балта шаарынын мэриясы бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |