Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 21
Муниципалдык объектилерди ижарага соодасыз түз ыкма
менен берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти эффективдүү пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 8-бөлүм3-абзацы86-беренесине жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Скай-Мобайл» ЖЧКсына жана «Альфа-Телеком» ЖАКсына антенна-фидердик жабдууларды орнотууга муниципалдык менчик объектилери соодасыз түз ыкма менен ижарага берилсин.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы Маданият, спорт жана муниципалдык менчик бөлүмү “Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык эсептөөлөр боюнча ижара келишимдерин түзсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |