Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 22
Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт топтомунун аймагындагы
кичи футбол аянтчалары жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34,39-беренелерине, Жайыл райондук сотунун 04.11.2024-жылдагы токтомуна ылайык, курулуш иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык мэриясы:
- Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт топтомунун аймагындагы эки кичи футбол аянтчасын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алуу жол-жобосун жүргүзсүн;
- Жайыл райондук сотунун 04.11.2024-ж. токтомун аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |