Редакцияот 19.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 19-майы № 94

"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 3-июну, № 49) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жол фондунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:

1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү каржылоого;

2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:

"3-1-берене. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдар

Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджетте каралган каражаттардан төмөнкүлөргө чыгымдар өзүнчө каржыланат:

1) Жол фондунун катчылыгын күтүү;

2) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өндүрүштүк-чарбалык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тармактагы мезгилдүү басылманы чыгаруу, кызматтык адабияттарды, китептерди, колдонмолорду, ченемдик-техникалык документтерди, стандарттарды, маалымат бюллетендерин жана окуу куралдарын, бланктык продукцияны даярдоо жана басып чыгаруу;

3) кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана окутуу;

4) илимий-техникалык изилдөө.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 24-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган