Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКСИЗ Х–СЕССИЯСЫ
25.04.2025-ж №32
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик насыянын төлөнүп туруусуна кепилдик берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын“Балыкчы жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасынын отканаларын жандандырып, ишке киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен бюджеттиккредит алуу боюнча 2025—жылдын 31 мартындагы №28-6427 кызматтык катынын негизинде Балыкчы шаарынын мэриясынын 18-апрель 20025ж. 01-13/2780 кайрылуусун жана шаардык Кеңештин экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинен "Балыкчы жылуулук менен жабдуу" МИ на алына турган 27,0 млн сом бюджеттик насыянын жана анын 3 жылдык пайызын жыл сайын төлөнүп туруу боюнча белгиленген тартипте кепилдик берилсин.
2. Балыкчы шаар мэриясына - “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасыны тарабынан бюджеттик кредиттин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык өз убагында кайтарылышын көзөмөлгө алуу сунушталынсын.
3. “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишкананын финансылык-чарбалык иш-аракеттеринин эсебинен бюджеттик кредитти жана пайыздарды төлөө жүргүзүлсүн.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актысы,Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, экономика, бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азаматка тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев____
Жиберилди : Иш кагаздарына-2, КР Финансы Министрлигинин Балыкчы башкармалыгына-1, Мэрия-1, “Балыкчы” газетасына-1, “Балыкчы жылуулук менен жабдуу” МИ-1, юст.башкармалыгы-2