Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Торт-Гул айылдык кенешинин VIII-(чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы

2024-жылы 28-марты №18

Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы  №15-16 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз республикасынын “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын “КР Салык Кодексинин кодонууга киргизүү жөнүндө ” Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодесинин 379-380 беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп карап талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:  

 

  1. Төрт-Гүл  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын №15-16 токтомунда калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу жыйымдары төлөө мөөнөтү көрсөтүлбөй  техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
  2.  2025-2027-жылдарга мүлк салыгынын турак имараттар жана орун жайлар үчүн өлчөмү 1 чарчы метр аянтына 8 сом 50тыйын болуп бекитилсин.
  3. Салыктык эмес кирешелер боюнча калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү:

-Калктуу конуштарда ар бир жашоочуга 5 сом;

-Мекеме-ишканалар үчүн ар бир кызматкерге же жумушчуга 100 сом болуп бекитилсин;

-Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды төлөө мөөнөтү  2025-жылдын 1-октябрына деп белгиленсин.

4. Төрт-Гүл айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларынын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноо жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевге милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык

кенештин торагасы:

 

А.Суранчиев