Редакцияот 30.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3058-VII

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 3-февралындагы чыг. № 18-1080) “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

Н.А. Азыгалиев