Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели №8/30
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы атайын техникаларын оперативдик колдонууга “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 13 штаттык бирдигин кыскартып “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 09-апрелиндеги №8 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы атайын техникаларын оперативдик колдонууга “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 13 штаттык бирдигин кыскартып “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме 1, тиркеме 2).
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы атайын техникаларын оперативдик колдонууга “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 13 штаттык бирдигин кыскартып “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүдө тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри А.Бектуровго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тапшырылсын.
Төрага | Ж.Аматов |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) кезексиз
8-сессиясынын № 8/30 токтомуна
тиркеме 1
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансынан “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына оперативдик колдонууга өткөрүлүүчү атайын техникалардын тизмеси
№ | Аталышы | Мамлекеттик номери | Абалы
|
Камаз-65115 (самосвал) | 672 АС | жакшы
| |
Камаз-65115 (самосвал) | 675 АС | жакшы
| |
Сенюань ВМС YTO D5N33 (телескопический подъёмник)
| 0720 АК | жакшы | |
Экскаватор Хундай Robex 140
| 787 AC | жакшы | |
Экскаватор Хундай Robex 555 W-7
| 0111 TR NB | жакшы | |
Автогрейдер GR-165
| 056 AC | орто | |
Хундай HL-730 (погрузчик)
| 0634 TR NB | орто |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) кезексиз
8-сессиясынын № 8/30 токтомуна
тиркеме 2
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинен “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына өтүүчү штаттык бирдиктер
№ | Штаттык бирдиктин аталышы | Штаттык бирдиктин саны |
1 | жетекчинин орун басары | 1 |
2 | гараж башчысы | 1 |
3 | диспетчер | 1 |
4 | автокран айдоочусу | 1 |
5 | экскаватор айдоочусу | 2 |
6 | жүк ташуучу машинанын айдоочусу Хундай | 1 |
7 | КАМАЗ айдоочусу | 2 |
8 | грейдер айдоочусу | 1 |
9 | электрик | 2 |
10 | слесарь | 1 |
| Баары | 13 |