Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели №8/31
“Баткен өнүктүрүү” фонду тарабынан көчө тазалоочу атайын техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен өздүк салымды (20% өздүк салым) 1 340 000 сом өлчөмүндө бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 09-апрелиндеги №8 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Баткен өнүктүрүү” фонду тарабынан көчө тазалоочу атайын техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен өздүк салымды (20% өздүк салым) 1 340 000 сом өлчөмүндө бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тапшырылсын.
Төрага | Ж.Аматов |