Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 7-сессиясынын 5- кезексиз сессиясы
2025-жылдын 25-апрели №1
Ат-Башы районунун аймагынан мамлекеттин менчигине Чар аймагындагы эс алуу жайы алынган . Мамлекеттин мүлк фондусунун буйругу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына берилген Чар эс алуу жайын Ак-Моюн айыл өкмөттүн карамагына алуу жөнүндө
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 7-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы районунун аймагынан мамлекеттин менчигине Чар аймагындагы эс алуу жайы алынган Мамлекеттин мүлк фондусунун буйругу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына берилген .Чар аймагындагы эс алуу жайы Ат-Башы токой чарбасынын жер аянтында жайгашкан .Жалпы 0,25 га жер аянтында 6 объектини ,Ат кана,кафе,склад, мергенчи бөлмөсү,мейманкана ,мончо курулуштары . Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн карамагына алууга макулдук берилсин
2. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына берилген .Чар аймагындагы эс алуу жайы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн карамагына өткөзүп берүү үчүн камиссия түзүлүп өткөрүү актынын негизинде өткөрүлүп алынсын .
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө калтырам.
.Төрага: | Б. Султангазы у |