Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 7-сессиясынын 5- кезексиз сессиясы
2025-жылдын 25-апрели №2
Ак-Муз өнүгүү муниципалдык ишканасынын директору С.Жумамүдүновдун сунушуу жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 7-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Муз өнүгүү Муниципалдык Ишканасынын айдоочулары күнүмдүк иш алып баруусунан иштеп тапкан акча каражатынын 10% же ондон бир бөлүгүн бөлүгүн ,айдоочулардын айлык акысынан тышкары кирешеси катары өздөрүнө калтырууга макулдук берилсин .
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы у |