Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 7-сессиясынын 5- кезексиз сессиясы
2025-жылдын 25-апрели №3
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиние караштуу архитектура ,курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги шаар куруу жана архитектура департаменти ГПИ бүткөрүлгөн .Бирлик айылынын Башкы Ген планын бекитүү жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 7-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылынын Башкы Ген планын бекитүүгө макулдук берилсин .
2. Бирлик айылынын Башкы Ген планы боюнча тура жолдордун турасы 12-14- 16 метр борбордук көчөнүн турасы 20 метр боюнча бекитүүгө макулдук берилсин .
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |