Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 4-сессиясы 

2025-жылдын 7-марты № 4/5

 

Кароол айыл аймагынын Кароол айылынын аты жок көчөгө Бөрүбаев Шариптин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

 

Кароол айыл аймагынын Кароол айылындагы аты жок көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүкө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, ”Жергиликтүү мамлекеттик адиминистрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34, 39-беренелеринин 1-пунктуна ылайык Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 4-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кароол айылынын тургуну А.Бөрубаевдин арызында белгиленген, Кароол айылынын М.Акжолов менен М.Идирисов көчөсүнүн кесилишиндеги А.С.Пушкин көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Бөрүбаев Шариптин ысымы ыйгарылсын.

 

2.Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге жүктөлсүн.

 

3.Арыз берүүчү А.Бөрүбаевге көчөнүн инфраструктурасына, тазалыгына жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү жагына салым кошуп туруу жагы милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.М.Камбардинов