Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 1/6

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кырман жана Кош-Коргон айылдарына жарык орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кырман жана Кош-Коргон айылдарын инфраструктурасын көтөрүү багытында аталган айылдарга түнкү жарык орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат

   

1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кырман жана Кош-Коргон айылдарынын инфраструктурасын көтөрүү багытында аталган айылдарга 2025-жылга түнкү жарык орнотуу үчүн 2035166 (эки миллион отуз, беш мин, жүз алтымыш алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Бөлүнүп берилген акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин

төрагасы

 

М.Тагайкулов