Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 1/9

 

2025-2027-жылдар мезгилинде Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн иш чара планын бекитүү жөнүндө

 

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдар мезгилинде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын жана иш чара планын бекитүү жөнүндө Баш-Дөбө айылдык кеңеши талкуулап, токтом кылат

1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдар мезгилинде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасы жана иш чара планы бекитилсин.

2.2025-2027-жылдар мезгилинде Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын жана иш чара планы боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Саипбаевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин

төрагасы

 

М.Тагайкулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баш-Дөбө ААнын СЭϴПны ишке ашыруу боюнча 2024-2027 жж. иш-аракеттер Планы

 

№

Иш чаранын сүрɵттɵлүшү

Жооптуу жана катышуучулар

Ишке ашыруу мɵɵнɵттɵрү

Баасы

(миң сом)

Каржылоо булактары/ ресурстар

Мониторинг белгилери (I жарым жылдык )

Мониторинг белгилери (II жарым жылдык )

1. Калк

1.1

Калктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана бизнес-план түзүү боюнча окутууга көмөктөшүү, жеке ишкердикти өздөштүрүүгө көмөктөшуу

Жеке ишкерлер, айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж

400,0

Жеке ишкерлер , эл аралык уюмдар

50 жашка чейинки 20 аял билим деңгээлин жогорулатат

50 жашка чейинки 20 аял билим деңгээлин жогорулатат

1.2

Бир кесиптен экинчи кесипке үйрөтүү, туура кесипти тандоого көмөктөшүү, окууларды уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж.

200,0

Эл аралык уюмдар

50 жашка чейинки 20 аял билим деңгээлин жогорулатат

50 жашка чейинки 20 аял билим деңгээлин жогорулатат

1.3

Иштин ар кандай түрүндөгү ишкердик ишти уюштуруу боюнча тажрыйба алмашууну уюштуруу жана өткөрүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж.

300.0

Эл аралык уюмдар

20 жаш адам, анын ичинен 10 аял билим деңгээлин жогорулатат

20 жаш адам, анын ичинен 10 аял билим деңгээлин жогорулатат

1.4

Чакан ишкана ачууга көмөк көрсөтүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж.

0

Эл аралык уюмдар

3 ишкана ачылат

 

10 иш оруну тузулɵт, анын ичинен 30% аялдар жана жаштар

1.5

Калктын маалымдуулулугун, анын ичинде миграция маселелери боюнча жогорулатуу үчүн чогулуштарды ɵткɵрүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж.

0

 

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялда

1.6

Ысырапкорчулукту жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж.

0

 

4 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

4 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1.7

Бюджет боюнча коомдук угууларды уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж.

20,0

Жергиликтүү бюджет

2 ден кем эмес коомдук угуу ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

2 ден кем эмес коомдук угуу ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

2.Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура

2.1

Айыл аймагынын айылдарынын ар бир үй кожолугуна суу эсептегичтерди орнотуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2025 жж.

1500,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

2024-ж.аймактагы кожолуктарга 1050 кожолука,

2025-ж.1000 кожолука суу эсептегичтери орнотулат

 

Ичүүчү таза суу үнɵмдɵлүп, 1050 суу эсептегичи орнотулат

Ичүүчү таза суу үнɵмдɵлүп, баардыгы 2050 суу эсептегичи орнотулат

2.2

Хлораторныйларды салдыртуу;

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2027 жж.

1000,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Хлораторный салдыруу иштери 2024-жылы башталып, 2027-жылы аяктайт

9322 адамдын ден соолугуна кам кɵрүлүп, таза суу ичүүгɵ шарт түзүлɵт

2.3

Суу сактагычтарга видео кɵзɵмɵл койдуртуу;

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2027 жж.

400,0

Жергиликтуу бюджет, Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Видео кɵзɵмɵл орнотулат

9322 адамдын коопсуздугу сакталат

2.4

Жаңы скважиналарды курууга кɵмɵк кɵрсɵтүү жер тилкесин аныктоо, ПСД, долбоорлорду иштеп чыгуу,

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2026 жж.

0

Айыл ɵкмɵтү, Эл аралык уюмдар

Скважина курууга ПСД түзүлөт, жери аныкталат

 

2.5

Таза сууну колдонуу боюнча тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл ɵкмɵтү, Айылдык Кенеш, МИ

2024-2027 жж

0

 

Тариф бекитилет

Тариф бекитилет

2.6

Таза сууну эффективдүү пайдалануу боюнча чогулуштарды ɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2027 жж.

0

 

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

2.7

Калкка таштандыны сорттоп чыгаруу боюнча маалымат жеткирүү;

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2024-2027 жж.

0

Жергиликтуу бюджет

Тшундурүү иштери жүргүзулөт

Таштандыларды сортоо боюнча маалымат берилет

2.8

КТК таштандыларын график менен чыгарууну уюштуруу;

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2027 жж.

0

Жергиликтуу бюджет

Ар бир айылга таштандыны чыгаруу боюнча график түзүлөт жана бекитилген графикке ылайык таштандылар чыгарылат

Ар бир айылга таштандыны чыгаруу боюнча график түзүлөт жана бекитилген графикке ылайык таштандылар чыгарылат

2.9

Таштандыны чогултуп жана чыгаруу боюнча муниципалитеттер аралык келишимдерди жаңыртуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2027 жж

200,0

Жергиликтуу бюджет

МАК жаңыртылып, таштандылар ɵз убагында чыгарылат

МАК жаңыртылып, таштандылар ɵз убагында чыгарылат

2.10

Таштанды чыгаруучу жайга (полигон) ылайык жер тилкесин аныктоо, ПСД, долбоор түзүүгɵ кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2025 жж

100,0

Айыл ɵкмɵт, тиешелүү адистер

Жер тилкеси аныкталат

 

Сметалык долбоор тузулот

 

2.11

МИ ишин жакшыртуу максатында, жетишсиз атайын техникалары менен камсыздоого кɵмɵктɵшүү.

Айыл ɵкмɵт, МИ

2025-2027 жж

5 000,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору, эл аралык донорлор

Мусоровоз 17 м3- 1 ед,

Самосвал 7 тонн съемные борта- 1 ед

Беларус мини трактор с навесным оборудованием-1 ед

Фронтальный погрузчик-1ед алынат

 

2.12

Керектелүүчү таштанды чыгаруучу челектерди аныктоо жана алуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2027 жж

1000,0

ϴнүктүрүү фонддору, донорлор

Жарым жылда 50 челек коюлат

 

Жарым жылда 50 челек коюлат

 

2.13

АА тургундарынын арасында таштандыны сорттоп чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2027 жж

0

 Эл аралык донорлор

Жыл сайын , калк менен 3жолу чогулуш откорулот 100 адамдын катышусуу менен, анын ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы калктын өкүлдөрү менен

Жыл сайын , калк менен 3жолу чогулуш откорулот 100 адамдын катышусуу менен, анын ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы калктын өкүлдөрү менен

2.14

Окууларды ɵтүүчү заманбап окуу залдарын, инвентарларын алуу жана уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, МИ, тиешелуу адистер

2024-2027 жж.

400,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору Жергиликтуу бюджет

Проектор жана ноут бук алынат

 

2.15

Кызыл-Кырман айылындагы бала бакчасынын жылытуу системасын алмаштырууга кɵмɵктɵшүү;

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2024-2027 жж.

900,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Мештери алмаштырылат

 

Мекемелер жылуулук менен камсыз болот, шарттар жакшырат

2.16

Кош-Коргон айылына бала-бакчаларды курууга жерлерин чечип берүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2024-2027 жж.

300,0

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

Кош-Коргон айылына бала-бакчаларды курууга жерлерин чечип берилет

 

2.17

Кашка-Терек айылындагы балдар ойноочу аянтчасын кɵрктɵндүрүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2024-2027 жж.

400,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Кашка-Терек айылындагы балдар ойноочу аянтчасы кɵрктɵндүрүүлөт

Балдарга эс алууга жакшы шарт тузулот

2.18

Балдарга эс алуучу жана спорт менен машыгуучу жайларда балдарга ылайыкташтырылган спорт инвентарларды, селкинчек, карусель , турник орнотуу ж.б. шарттарды түзүү.

Айыл ɵкмɵтү, Донорлор

2025ж

550,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

18 жашка чейинки уул кыздардын эс алуусуна шарт түзүлөт

Балдарга эс алуучу жана спорт менен машыгуучу жайларда балдарга ылайыкташтырылган спорт инвентарлары:, селкинчек, карусель , турник орнотулат

2.19

Балдарды жана жаштарды, анын ичинде кыздарды сергек жашоого үндөө;

Айыл ɵкмɵтү,

тиешелүү адистер

2024-2027 жж

40,0

Жергиликтуу бюджет

34 жаш адамдар, ичинен 20 кыз спортко тартылат

34 жаш адамдар, ичинен 20 кыз спортко тартылат

2.20

Айыл өкмөтүнүн жаңыдан оңдоп тузөөдөн өтүп жаткан мейманканасын жана бала-бакчаны толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүү

Айыл ɵкмɵтү,

2025-2026 ж

29500,0

22000,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

 

 

2.21

Ички жолдордун четиндеги кɵйгɵй жаратып жаткан арыктарды аныктоо жана МИ атайын техникалары менен кɵйгɵйлɵрдү жоюу

Айыл ɵкмɵтү, МИ, тиешелүү адистер

2024 ж

170,0

Жергиликтүү бюджет

Аймак боюнча ички жолдорунун арыктары аныкталып тазаланат

Жол коопсуздугу сакталат, тротуар орнотулат

2.22

Аймактагы айылдарынын борбордук кɵчɵлɵрүнɵ тротуар орнотуу, жол белгилерин орнотуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2024-2026 жж

 

Республикалык бюджет

 

Жол коопсуздугу сакталат, тротуар орнотулат

2.23

Көк-Таш айылынын ички жолдоруна кɵпүрɵ салуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ, тиешелүү адистер

2025 ж

500,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Кɵпүрɵгɵ d=150 болгон 50даана астбест.түтүктɵрү орнотулат

 

 

2.24

Н.Шамуратов кɵчɵсүнɵ . асфальт тɵшɵɵ, арыкка лоток орнотуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ, тиешелүү адистер

2026 ж

3000,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Н.Шамуратов кɵчɵсүнɵ 1000 м. асфальт тɵшɵɵ, арыкка лоток орнотулат

 

2.25

Кашка-Терек,Кызыл-Кырман, Кенеш, Кош-Коргон, Жаны-Жол айылдары, ички жолдордун абалын аныктоо, МИ жардамы

менен шагыл тɵгүп ондоп-түздɵɵ иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ, тиешелүү адистер

2024-2027 жж

10000,0

Эл аралык донорлор Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Кашка-Терек,Кызыл-Кырман, Кенеш, Кош-Коргон, Жаны-Жол айылдарынын

ички жолдордун абалы жакшырат

кɵчɵлɵрү оңдолот

Кашка-Терек,Кызыл-Кырман, Кенеш, Кош-Коргон, Жаны-Жол, Көк-Таш участкаларынын ички жолдору жакшырат

2.26

Жетишсиз мед.кызматкерлердин санын аныктоо, жаш кадрларды тартууга шарт түзүүсүнɵ кɵмɵк кɵрсɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, ΥДТ, ФАП кызматкерлери

2025 ж

0

Донорлор

 

Жаны кызмат орундары,Көк-Таш,Айгыр-Жал,Өрүкзар участкасына ҮДТ салынат бардык шарттары менен: даараткансы, ысык жана муздак суу киргизилген, баардык шарттары менен

2.27

ΥДТ, ФАПтарды заманбап, жетишсиз жабдуулар менен камсыздоого кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵтү, ЦСМ, жеке ишкерлер

2025 ж

500,0

ϴнүктүрүү фонддору, донорлор, жеке ишкерлер

 

Электр.тараза, узи аппараттары менен камсыздалат

 

2.28

Кенеш,Кызыл-Кырман,Кош-Коргон айылдарына балдар ойноочу аянтчасын курдуруу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2027 ж

400,0

Эл аралык уюмдар, ɵнүктүрүү фонддор

Балдар аянтчасы

 

Кенеш,Кызыл-Кырман,Кош-Коргон айылдарынын балдарына эс алууга шарт түзулүп жол кырсвктарын алдын алууга шарт түзүлөт

2.29

5 айылдагы коомчулук жерлерге жарыктандырууну орнотуу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2025-2026 жж

8000,0

Жергиликтуу бюджет, ɵнүктүрүү фонддору, донорлор,

2025-ж. 4 айылга ___ чырак орнотулат

2026-ж. 4 айылга ___ чырак орнотулат

5 айылга 800 чырак орнотулат, жергиликтүү тургундарга шарт түзүлɵт

2.30

Электр энергияны үнөмдөө , энергияны үнөмдөөчү лампочкаларды коюу,күн энергиясын колдонуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2024-2027 жж

0

Жергиликтүү тургундардын каражаты

Жыл сайын 1 жолу чогулуш открулот, 100 адамдын катышуусу менен, анын ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы калктын окулдорунун катышуусуу менен

 

2.31

Көк-Таш,Айгыр-Жал,Өрүкзар жаңы конуштарына трансформатор орнотуу, электр чубалгыларын тарттыртып берүү иштерин уюштуруу.

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2025-2027 ж

1000,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Электр чубалгылары тартылат

Көк-Таш,Айгыр-Жал,Өрүкзар жаңы конуштарына жаңы кожолуктар жарык менен камсыз болот

 

2.32

И.Базаркулов атындагы орто мектебинин эски имаратын оңдоп түзөө үчүн каржы булактарын издɵɵ жана ишке ашыруу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2026 ж

3000,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

 

И.Базаркулов атындагы орто мектебинин эски имаратын оңдоп түзөөдөн өткрүлөт.

3. Экономикалык ɵнүгүу

 

3.1

Жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча иш чаралар планын түзүү жана аткаруу

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024ж

 

Эл аралык донорлор, айыл чарба департаменти

Жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча иш планы түзүлөт

Иш планы 30 пайызга аткарылат

3.2

Дыйкандарды тоют багытындагы сапаттуу үрɵндɵр менен камсыз кылууга кɵмɵк кɵрсɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелуу адистер

2024-2027 жж

7 00,0

Айыл чарба департаменти менен тыгыз иштешүү, жарандардын ɵз каражаттары

 

Дыйкандарды тоют багытындагы сапаттуу үрɵндɵр менен камсыздалат жана тоюттун өндүрүмдүүлүгү 30% көтөрүлөт

3.3

Чарбачылыкты ɵнүктүрүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Боло турган кɵргɵзмɵ, жарманкелер боюнча жергиликтүү дыйкан, фермерлерге маалымат берүү жана алардын катышуусуна кɵмɵк кɵрсɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж

-

Айыл чарба департаменти, А/ϴ тиешелүү адистери

Жарманке жана көргөзмө иш чараларга 50 адам катышуу, ичинде 30% кем эмес бир жынүстагы өкүлдөрүүнун катышусуу менен

Жарманке жана көргөзмө иш чараларга 50 адам катышуу, ичинде 30% кем эмес бир жынүстагы өкүлдөрүүнун катышусуу менен

3.4

Кооперативдерди түзүүгɵ үгүттɵɵ жана көмөктөшүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027 жж

-

Эл аралык донор

 

4 кооператив түзүлөт

3.5

Окуу семинарларды уюштурууга кɵмɵктɵшүү (сут, эт багытында жана малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча)

 

 

 

 

 

 

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж

 

 Эл аралык донор

Сут,эт багытында жана малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча окуулар откорулот, 20 адам катышуу менен, ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы окулдоруунун катышусуу менен

Сут,эт багытында жана малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча окуулар откорулот, 20 адам катышуу менен, ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы окулдоруунун катышусуу менен

3.6

Айыл аймакта бодо жана майда мүйүздүү малдар үчүн тоют базасын өнүктүрүү. жер-жерлердеги мүмкүнчүлүктөрдүн жана малды бордоп семиртүүнүн эсебинен мал чарбасынын тоют базасын жакшыртуу боюнча адистердин кеңешин уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, МИнин тиешелуу адистери

2024-2027 жж

600,0

Жергиликтуу бюджет

Жыл сайын 20 малчылар маалымат алышат, ичинде 5 кем эмес аял

 

Жыл сайын 20 малчылар маалымат алышат, ичинде 5 кем эмес аял

 

3.7

Кашка-Терек айылына жасалма уруктандыруу пунктуна заман талабына ылайык шаймандарды алып келүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2026 ж

400,0

 Эл аралык донор

1 пункт ачылат

 

Малдарды уруктандыруу сандан сапатка өтүүгө шарт түзүлөт

3.8

Айыл аймагына айылына муниципалдык иш ветеринардык аптека ачтыруу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2027 жж

400,0

 Эл аралык донор

 

2 аптека ачылат

 

3.9

Боз участкасына мал союучу кичи ишкана ачтырууга көмөк көрсөтүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2027 ж

1000,0

 Эл аралык донор

Жер тилкесин бөлүп берүү

 

 

3.10

Кош-Коргон айылына багбандардын мɵмɵ жемиштерин сактоо жана жакшы баада сатуу үчүн муздаткыч салдыруу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2026ж

1000,0

 Эл аралык донор

1 муздаткыч салынат

 

 

3.11

Айыл өкмотүнүн №539,№540 контурунан бөлүнгөн   базардын ордуна  заманбап базар курдуруу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2026-ж

500,0

 Эл аралык донор,ЖӨБО,жеке тараптар

Базар курулат       

Базар курулуп айыл өкмотүнун жашоочуларына жумуш орундары жана айыл өкмотүнун бюджети көбөйөт

3.12

Жерди иштетуу боюнча жана органикалык жер семирткичтерди колдонууга, которуштуруп айдоого, сапаттуу үрөндөрдү пайдаланууга басым жасоого окууларды өткөрүүгө көмөктөшүү

Айыл ɵкмɵтү

2025-2027 жж

-

Эл аралык уюмдар менен

Айыл тургундары сапаттуу мол түшум алууга шарт түзулөт

Айыл тургундары сапаттуу мол түшум алууга шарт түзулөт

3.13

Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоого көмөктөшүү

Айыл ɵкмɵтү

2024-2027 жж

-

Айыл чарба министрлигинин менен жана эл аралык уюмдар

Айыл тургундары сапаттуу мол түшум алууга шарт түзулөт

Айыл тургундары сапаттуу мол түшум алууга шарт түзулөт

4. Инклюзивдик ɵнүгүү

4.1

Турмуштук оор кырдаалдан чыгуу үчүн, аярлуу үй-бүлөɵлөргө материалдык жана моралдык колдоо кɵрсɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер,

2024-2027 жж

60,0

Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер

Керек болгон учурда, арыздын негизинде

Керек болгон учурда, арыздын негизинде

4.2

Соц.кызматкерлер, соц.педогог.ИДН кызматкерлери үймɵ-үй кыдырып, ата-энеси балдарын таштап миграцияга кеткен, балдарды аныктап кɵзɵмɵлгɵ алуу, баланын ата-энеси менен бирге болуусунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер,

2024-2027 жж

0

Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер

180 бала ата-энеси менен бирге болуп, мээримге бɵлɵнɵт

 

180 бала ата-энеси менен бирге болуп, мээримге бɵлɵнɵт

 

4.3

Кыш мезгилинде жалгыз бой карылар,аз камсыз үй-бүлɵлɵр жана ДМЧларга даректүү жардам катары - 500 кг көмүр менен камсыздандыруу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж

240,0

Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер

80 уй булоо 500 кг көмур алышат

 

 

4.4

ДМЧ балдардын билим алуусуна көмөктөшүү, Калктын аяр катмарларынын коомго кошулушуна шарт түзүү.

Мектеп, айыл ɵкмɵт, жергиликтүү тургундар

2024-ж

50,00

Айыл ɵкмɵт, жеке ишкерлер, коомдук уюмдар менен биргеликте

Соц.имараттардын алдына пандустар, коңгуроолор орнотулат

 

 

4.5

Жакырчылыкты жоюу боюнча жумушчу орундарды түзүүгө көмөк көрсөтүү

Жеке ишкерлер, Айыл ɵкмɵтү

2024-2027 жж

1000,00

Жеке ишкерлер , эл аралык уюмдар

43 адамга кыскарылат, 672 ден 629га кыскарылат

43 адамга кыскарылат, 672 ден 629га кыскарылат

4.6

Эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо жана кɵзɵмɵлгɵ алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,

Айыл ɵкмɵтү, ИДН, соц. мугалим

2024-2027 жж

-

Айыл ɵкмɵтү

Квартал сайын ИДН жана соц.мугалим менен биргеликте 3ден кем эмес үй-булөлөр менен жолугушуу

Квартал сайын ИДН жана соц.мугалим менен биргеликте 3ден кем эмес үй-булөлөр менен жолугушуу

4.7

Керектүү учурда психологдордун жардамы менен иш алып баруу

Айыл ɵкмɵтү, ИДН, соц педагог

2024-2027 жж

40,0

Айыл ɵкмɵтү, жеке ишкерлер

Жыл сайын 5 жакын адам психологдон консультация алат

Жыл сайын 5 жакын адам психологдон консультация алат

4.8

Бош убактысын туура пайдаланууга шарт түзүп берүү жана үгүттɵɵ (ийримдерге, спорттко катыштыруу) жана кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵтү, соц педагог

2024-2027 жж

70,0

Айыл ɵкмɵтү, жеке ишкерлер

Жыл сайын 20 жаш, ичинде 30 % кем эмес бир жыныстагы өкүлдөрүнүн катышуусу менен

Жыл сайын 20 жаш, ичинде 30 % кем эмес бир жыныстагы өкүлдөрүнүн катышуусу менен

4.9

Миграцияны алдын алуу боюнча тушундуруу иштерин жургузуу

Айыл ɵкмɵтү, соц педагог

2024-2027

0

Айыл ɵкмɵтү, мектеп, бала бакча

200 уй булоо катышат

 

4.10

Инклюзивдик окутуу борборлорун ачуу

Айыл ɵкмɵтү, мектеп

2024-2027

200,0

Айыл ɵкмɵтү, мектеп

1 борбор ачылат

 

 

4.11

Мектептерде, маданият үйлɵрүнɵ, спорт залдарына, ДМЧ адамдардын тосколдуксуз кирип чыгуусуна, жана ɵзүлɵрүнүн эркин алып жүрүшүнɵ шарт түзүүгɵ кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵтү, мектептер, бала-бакчалар

2024 ж

100,0

Айыл ɵкмɵтү, жеке ишкерлер

Мектептерде, маданият үйлɵрүнɵ, спорт залдарына ДМЧ адамдарга керектуу түзмөктөр орнотулат

 

4.12

Эмоционалдык жактан жабыркаган мигранттардын балдары жана ДМЧА балдарды демɵɵрчүлɵрдү тартуу менен эс алуу жайларына жайгаштыруу

Айыл ɵкмɵтү, жеке ишкерлер

2024-2027

200,0

Айыл ɵкмɵтү, жеке ишкерлер

200 мигранттардын балдары жана 20 ДМЧА балдар денсоолугуна кам көрүлүп, ɵзүн-ɵзү баалоо сезими жогорулайт

200 мигранттардын балдары жана 20 ДМЧА балдар денсоолугуна кам көрүлүп, ɵзүн-ɵзү баалоо сезими жогорулайт

4.13

Турмуштук оор кырдаалга чалдыккан жарандарды Социалдык ɵнүктүрүү министрлигинин «Социалдык контракт» долбооруна катышууга кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵтү, соц.адис

2025-2027- ж

4 300,0

Республикалык бюджет

 

210 аялдын финансылык сабаттуулугу жогорулап, ɵз иши менен алек болуп, үй-бүлɵɵлүк кирешеси кɵбɵйɵт

4.14

 

 

 

 

 

 

 

5. Мейкиндик

5.1

Айыл аймактын жерлерин тактоо,генпланга акча каражатын болдуруу КНИИП буйрутма берүү

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024-ж

6000,0

Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет

Акча каражаты бɵлүнɵт

Генплан иштелип чыгат

5.2

Каралбай калган жерлердин аныктоо жана багыты боюнча сугат жер бирок агын сууну толугу мененжеткирүүгө ички каналдарды тазалоо бетон латокторду орнотуу

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024- 2025 жж

 

300,0

700,0

Жергиликтүү бюджет

177га каралбай калган жерлер аныкталды жана категориясы которулат

 

 

5.3

Жайыт жерлерди (күзгу, кышкы, жазгы, жайкы) кɵзɵмɵлгɵ алуу, үрɵндɵрдү себүү, жайыт токой суу фондунун жерлерин ɵз багытында колдонуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024-2027 жж

0

МИ, жайыт комитеттери

Жайыттарга кɵп жылдык чɵптɵрдүн үрɵɵнү себилип, деградациядан сакталат

Жайыттарга кɵп жылдык чɵптɵрдүн үрɵɵнү себилип, деградациядан сакталат

5.4

Кыргыз гипроземге зоналдык карта жасоого акча каражатын бөлдүрүү,буйрутма берүү

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024-2027 жж

500,0

Жергиликтүү бюджет

Зоналдык карта түзүлөт

 

 

5.5

Парктардын докуметтерин тактоо каржы булагын издɵɵ, оңдоп түзɵɵ иштерине кɵмɵк кɵрсɵтүү

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024-2025 жж

2 500,0

ϴнүктүрүү фонддору

Парктын документтери такталат

 

 

5.6

Кызыл сызыктан ɵткɵндɵргɵ калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чектерин аныктоо.

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024-2027 жж

0

Архитектура, жер адис

Ар бир айылда чогулуш өткөрүлөт, 120 адамдын катышуусу менен

Ар бир айылда чогулуш өткөрүлөт, 120 адамдын катышуусу менен

5.7

Ички жолдордун кызыл сызыгын аныктоо жана калк ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге тосмолорун жылдыртуу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2024-2027 жж

0

Айыл ɵкмɵтү, архитектура

Ар бир айылда чогулуш өткөрүлөт, 120 адамдын катышуусу менен

 

Ар бир айылда чогулуш өткөрүлөт, 120 адамдын катышуусу менен

5.8

Мыйзамсыз колдонулган жерлерди тактоо тиешелүү чараларды көрүү

 

Айыл ɵкмɵт, тиешелуу адистер

2025-2027 жж

0

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

Мыйзамсыз колдонулган жерлер такталат жана тиешелүү чаралар көрүлөт

Мыйзамсыз колдонулган жерлер такталат жана тиешелүү чаралар көрүлөт

6.Айлана-чɵйрɵ

 

6.1

Жашыл кɵчɵттɵрдү кɵбɵйтүү. «Жашыл мурас» КР Президентини н жарлыгын толук ишке ашыруу. Кɵчɵттɵрдүн толук кандуу ɵсүшүнɵ кɵңүл буруу. Эс алуу парктарын кеңейтүү, жашылдандыруу, жакшыртуу.

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024-2027 жж

350,0

Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер

7000 көчөт отургузулат, убагында суугарылат

 

 

7000 көчөт отургузулат, убагында суугарылат

 

 

6.2

Полигондорду талапка ылайыкташтыруу (мыйзамдаштыруу), айланасын коруу, иш кагаздарын мыйзамдаштыруу.

Айыл ɵкмɵт, МИ

2024-2025 жж

1000,0

Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер

2 мыйзамдуу полигон ачылат

 

 

6.3

Суу саркындыларын тазалоочу жайларды аныктоо. ПСД долбоорун дайындоо. Каржылоо булактарын издɵɵ.

Айыл ɵкмɵт, МИ

2025 ж

0

Айыл ɵкмɵтү, жергиликтүү тургундар

Суу саркындыларын тазалоочу жайлары аныкталат. ПСД долбоору түзүлөт

 

6.5

Айыл өкмотүнун аймагындагы айылдардагы, сел ɵтүүчү арыкты кеңейтүү

Айыл ɵкмɵт, МИ, тиешелуу адистер, ӨКМ биргеликте

2025ж

300,0

Жергиликтүү бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Сел ɵтүүчү

3000 м арык кеңейтилет