Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/1
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2. Билим берүү мекемелеринде окуу-тарбия иштеринде,зордук-зомбулукту алдын алууда,көмөкчү чарбаларды өстүрүүдө бир катар иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
3. Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык абалын жакшыртуу максатында айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринен мектеп менен бала бакчаларга 2 гадан кем эмес жер аянты түз берүү жолу менен арендага берилсин.
4. Өзгөрүш айылындагы С.Райымбеков орто мектебинин 2 га жери,”Үмүт-Өзгөрүш” бала бакчасынын 2 га жери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 токтомунун негизинде Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өтүп кеткендигине байланыштуу, ал жерлерге жаңы эле эспарцет айдап алгандыктан,мектеп менен бала бакчанын мурунку пайдаланып жүргөн жерлерин өзүлөрүнө калтырып, Ат-Башы райондук агрардык өнуктүрүү башкармалыгына Мамлекеттик фондунун башка участоктогу жерлерине алмашуу жагы сунушталсын жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Иса уулуна милдеттендирилсин.
5. Мектептерде электр энергиясын экономдоо,үнөмдүү пайдалануу жана коопсуздук маселесин алдын алуу максатында спорт аянтчалардын жана спорт залдардын иштөө убактысы жайкысын түнкү саат: 12-00 чейин,кышкысын түнкү саат: 10-00 гө чейин белгиленсин.
6. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү,мектептерде рекетчиликти тыюу,зордук-зомбулукту болтурбоо,алдын-алуу,көмөкчү чарбаларды өнүктүрүү,арендага берилген жерлерди натыйжалуу пайдалануу,от казандардын иштөөсүн көзөмөлгө алуу боюнча иштерди алып баруу билим берүү мкемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
7. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |