Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/2
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык,дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын 2021-жылдын
10-декабрындагы Суу Кодексинин № 151 Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, ички чарбалык ирригациялык,дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык,дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин
Төрага | А.Бокоев |