Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/3
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына резервдерди Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылуу жөнүндө
Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык,Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагындагы №4018 Баш-Кайыңды,№4172 Клуб,№4019 Кара-Тал,№4020 1-Май,№4021 Талды-Суу,№4022 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү максатында,эмгек жамааттарынан,шайлоочулардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1.Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагындагы №4018 Баш-Кайыңды,№4172 Клуб,№4019 Кара-Тал,№4020 1-Май,№4021 Талды-Суу,№4022 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин жаңыртып түзүү максатында,эмгек жамааттарынан,шайлоочулардан келип түшкөн сунуштарга ылайык,тизмедеги жарандар участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын
(курамы тиркелет).
2.Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |