Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/4
Айылдык кеңештин депутаттарынын этикасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 3-статьясынын 10-пунктуна ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты жүйөлү себептерсиз айылдык кеңештин сессияларына жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпаса айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берилсин.
2.Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин сессияларына жана жыйналыштарына өз убагында,кечикпестен катышып туруусу милдеттүү экендиги белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин этика,регламент,укук коргоо,мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин
Төрага | А.Бокоев |