Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/5
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы элге кызмат кылып жаткан банялардын тарифтери жөнүндө
Айылдардагы тарифтерди карап чыгып,талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдарда элге кызмат кылып жаткан банялардын тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Өзгөрүш айылы боюнча 1 адамга -120 сом;
- Талды-Суу айылы боюнча 1 адамга – 120 сом;
- 1-Май айылы боюнча 1 адамга- 100 сом;
- Большевик айылы боюнча 1 адамга – 100 сом;
- Баш-Кайыңды айылы боюнча 1 адамга- 100 сом
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |