Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/6
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы таксилердин кызматы боюнча бааларды бекитүү жөнүндө
Айылдардагы таксилердин кызматы боюнча бааларды карап чыгып,талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдарда таксилердин кызматы боюнча баалар төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Өзгөрүш айылынан Ат-Башыга барып келүү 1 адамга -300 сом;
- Талды-Суу айылынан Ат-Башыга барып келүү 1 адамга – 300 сом;
- 1-Май айылынан Ат-Башыга барып келүү 1 адамга- 200 сом;
- Большевик айылынан Ат-Башыга барып келүү 1 адамга – 160 сом;
- Баш-Кайыңды айылынан Ат-Башыга барып келүү 1 адамга- 140 сом
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин
Төрага | А.Бокоев |