Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 5-февралы № 4/5

 

Датка айыл аймагындагы муниципалдык бала бакчаларында

ата энелерди кошумча төлөнө турган акчасынын өлчөмүнүн

бекитүү жөнүндө

 

 

Датка айыл аймагындагы бала бакчаларында балдардын тамак-ашын сапаттуу жана рационалдуу уюштуруу максатында, Ош облустук мамлекеттик статистикака башкашкармалыгындан (13.02.2025-ж.чыг. №01-01-5-40) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция миңистрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматын Ош шаардык бөлүмүнун (07.02.2025-ж. чыш. №01-8/11) алынган малыматтырды эске алып, Датка айылдык аймагынын бала бакчаларынын ата-энелер чогулушунун тамактанууну уюштуруу үчүн ата-энелердин взносунун өлчөмүн аныктоо жөнүндө протоколдорунун негизинде, талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышы) кезекдеги V сессиясын

 

Токтом кылат:

 

1. Дата айыл аймагындагы бала бакчаларында ата энелерди төлөмүнүн 2025-жылдын 1 февралындан баштап 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин;

2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

3. Бул токтом каттоого алынып, ушул токтомдун аткарылышын Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы Б. Маданбековго милдеттендирилсин;

4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет жана финансы боюнча” туруктуу комитетина тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек