Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/7
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдардагы мал камактар жөнүндө
Айылдардагы мал камактарды оңдоо максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдардагы жазгы корук иштерин колго алуу максатында мал камактар оңдоп-түздөөдөн өткөрүлсүн.
2. Айылдардагы мал камактарды оңдоп-түздөп ремонттон өткөрүү айыл өкмөтүнүн мал чарбасы боюнча адиси К.Аманжоловго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин
Төрага | А.Бокоев |