Редакцияот 18.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2025-жылдын 18-февралы № 5/6

 

Датка айыл аймагынын Топ Терек айылынын “Жабык футбол аянтчасынын" курулушу аяктаганына жана пайдаланууга берилгенине байланыштуу муниципалдык объекти материалдык жактан жооптуу адамын аныктоо жөнүндө

 

 

Датка айыл аймагынын Топ-Терек айылынын "Жабык футбол аянчасын" курулушу аяктагандыгына жана пайдаланууга кабыл алынгандыгына байланыштуу, социалдык объектини сарамжалдуу жана аяр пайдалануу максатында, Датка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, башчынын орун басары – жооптуу катчысы Б. Маданбековдун катынын (2025-ж. 18 февралындагы № 19/261) негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышдагы кезексиз VI сессиясы

Токтом кылат:

1. Датка айыл аймагынын Топ Терек айылынын “Жабык футбол аянтчасынын" курулушу аяктаганына жана пайдаланууга берилгенине байланыштуу муниципалдык объекти материалдык жактан жооптуу адис катары Топ Терек айылынын башчысы аныкталсын;

2. "Жабык футбол талаасы" спорттук объектисин өткөрүп берүүнү кабыл алуу жол-жобосун жүргүзүү жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүн башчысына жүктөлсүн;

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Датка айылдык кеңештин “Социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча” комитетине тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек