Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 1/7
Датка айыл өкмөтүнүн 2025 – жылдын 1-январына карата бош
калган акча каражатын бекитүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2025–жылдын 1-январына карата бош калган акча каражатын бекитуу жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн СЭО бөлүмүнүн башчысы Тажикова М.А билдируу жасап, бул маселени айылдык кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып айылдык кеңештин талкуусуна коюлуп, бюджет комитети тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү карап чыгып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
Токтом кылат:
1.2025-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 14 803,2 миң сом жана чыгашалары 14803,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана төмөндөгү тармактарга жумшалсын;
1.1. Башкаруу аппаратына – 2430,0 миң сом;
1.2. Айылдык кеңеш- 56,2 миң сом;
1.3. Жайытка - 380,0 миң сом
1.4. Турак жай жана комуналдык кызматтарга -8262,8 миң сом;
1.5. Маданият боюнча башка иш чараларга – 200,0 миң сом;
1.6. Мектепке чейинки билим берүү уюмуна – 831,7 миң сом;
1.7. Билим берүү тармагына -2492,5 миң сом;
1.8. Социалдык коргоо тармагына -150,0 миң сом болуп,
жалпысынан 14 803,2 миң сом. (чыгашалардын чечмелери тиркелет)
жалпысынан 14 803,2 миң сом. (чыгашалардын чечмелери тиркелет);
2. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары 2025-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражатттары 967,7 миң сом өлчөмүндө бекетилсин. Ал эми чыгаша жагы мектепке чейинки билим берүү тармагы тамак-аш статьясына 967,7 миң. сом эсебинен каржыдануусу белгиленсин. (чыгашалардын чечмелениши тиркелет).
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4 .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Социалдык-маданий, коммуналдык менчик,маалымдуулук,жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |