Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 2/7
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы массивиндеги №1193 контурдагы аянты 1,89 га жана 3,33 га жер участокторду; жалпы 5,22 га жер аянтында кыш заводун куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын, траспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясынына” которуга макулдук беруу жөнүндө
Датка айыл аймагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында Ачы массивиндеги №1193 контурунда жайгашкан 1,89 га жана 3,33 га, жалпысы 5,22 га жер тилкесинде өндүрүштүк объектилерди куруу максатында, Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун негизинде (2025 жылдын 14 февралындагы №6 протоколу), Датка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы массивиндеги №1193 контурдагы аянты 1,89 га жана 3,33 га жер участокторду; жалпы 5,22 га жер аянтында кыш заводун куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын, траспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясынына” которуга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |