Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 3/7
Датка айыл аймагынын Топ Терек айылындагы балдар бакчасына кошумча имарат курууга макулдук берүү жөнүндө
Датка айыл аймагынын айылдарын социалдык жактан өнүктүрүү жана аймактын жашоочуларынын жашоо деңгээлин көтөрүү максатында, айылдык кенештин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” комитетинин протоколун (2025 жылдын 4 апрелиндеги №6 протоколу) карап чыгып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Топ Терек айылындагы балдар бакчасына кошумча имарат курууга макулдук берилсин;
2. Топ Терек айылындагы бала бакчанын кошумча имаратын куруу боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Датка айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |