Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 6/7
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Падаван айылындагы суу кампанын астындагы 500,0 м2 жер айянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Датка айыл аймагынын тургундарын үзгүлтүксүз сапаттуу таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун негизинде (2025 жылдын 11 апрелиндеги № 6 протоколун) Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Падаван айылынын суу кампасыны астындагы аянты 500,0 м2 жерди муниципалдык менчикке которууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздардын мыйзам чегинде даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |