Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 5/10
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдарда жазгы айдап-себүү,корук,мал багуунун тарифтери,техникага карата тарифтерди бекитүү боюнча өткөрүлгөн айылдык жыйындардын токтомдорун бекитүү жөнүндө
Айылдарда өткөрүлгөн айылдык жыйындардын протоколдорун жана токтомдорун карап чыгып,талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Өзгөрүш,Талды-Суу,1-Май,Большевик жана Баш-Кайыңды айылдарында жазгы айдап-себүү жумуштарына карата техникалардын баалары,корукту уюштуруу,мал багуунун тарифтери боюнча өткөрүлгөн айылдык жыйындардын токтомдору бекитилсин.
2. 24.03.2025-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон №31-10 кеңешмесинин №8 пунктуна ылайык жайыт жерлерди сактоо,жакшыртуу,өнүктүрүү жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрына чейинки мезгилде жазгы жана жакынкы жайыт жерлерде мал жаюуну токтотуу камсыз кылынсын жана алыскы жайлоолорго көчүрүлсүн.
3. Мал баккан ар бир адам менен көчүп кетүү,көчүп келүү мөөнөттөрдү көрсөтүү менен төрт тараптуу (мал багуучу,ветеринардык врач,айыл өкмөтү,муниципалдык ишкананын жайыт бөлүмү) келишим түзүлсүн.
4. Кароосуз,кесүүгө кошпостон же багууга бербей өзүм билемдик менен малдарын жайытка чыгарып жиберген адамдарга Бузуулар кодекси боюнча штрафтар салынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
6. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин
Төрага | А.Бокоев |