Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 10/7
Датка айыл аймагынын Ачы участкасындагы 114,0 га жер аянтынын ичинен 7,0 га жер аянтын жаза аткаруу мамлекеттик мекемесин куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун негизинде (2025 жылдын 11 апрелиндеги № 6 протоколун) Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Ачы участкасындагы 114,0 га жер аянтынын ичинен 7,0 га жер аянтын жаза аткаруу мамлекеттик мекемесин куруу үчүн макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам чегинде даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |