Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 12/7
Датка айыл аймагынын Падаван айылындагы № 84 А.Парпиев атындагы орто мектебинин “Мектеп окуучуларынын жана мектеп территориясын коопсуздугун касмыз кылуу. Мектептин айланасын пескоблок менен тосуу жана башталгыч класстар корпусунун аянтына брусчатка төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун салымын бекитүү жөнүндө
Датка айыл аймагынын социалдык обьектилерин колдоо максатында А. Парпиев атындагы №84 мектебинин педагогикалык жамаатынын протоколун (03.04.2025 ж. н/ж) карап чыгып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешин VIII чакырылыш кезексиз VII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Датка айыл аймагынын Падаван айылындагы № 84 А.Парпиев атындагы орто мектебинин “Мектеп окуучуларынын жана мектеп территориясын коопсуздугун камсыз кылуу, мектептин айланасын пескоблок менен тосуу жана башталгыч класстар корпусунун аянтына брусчатка төшөө жөнүндө” долбооруна керектүү каражаттарды бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Долбооруна тиешелүү документтерди даярдоо иштери Датка айыл аймагынын Падаван айылындагы № 84 А.Парпиев атындагы орто мектебинин директоруна З.Кочкоровага милдеттендирилсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестициялар жана муниципалдык менчик” боюнча турукту комитетине тапшырылсын;
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |